БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн Ташкентке жөнөп кетти. Бул тууралуу анын маалымат кызматынан кабарлады.
Саммиттин алкагында өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын ичинде өз ара пайдалуу иштерди жөнгө салууну талкуулашмакчы. Мындан сырткары, социалдык-маданий, илимий-техникалык өнүгүүнүн ар кандай аспектилери боюнча өз ара жардамдашуу жолу менен региондогу мамлекеттердин чарбалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этап-этабы менен интеграцияланышын сүйлөшө тургандыктары айтылды.
Саммиттин ишине уюмга мүчө – Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын президенттери, Казакстан менен Пакистандын премьер-министрлеринин катышары айтылды.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
Биринчи айым Айгүл Жапарова;
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;
Кыргызстандын Ирандагы элчиси, Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү Турдакун Сыдыков;
билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.