БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. "Росатом" Кыргызстандын Экономика министрлигине чакан кубаттуулуктагы АЭСти куруу боюнча негиздеменин долбоорун жөнөттү.
Бул тууралуу РФ ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча Үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник билдирген.
Анын айтымында, Москва менен Бишкек долбоордун маанилүү делген аспектилерине баа берүү боюнча иштеп жатышат.
Эске салсак, былтыр россиялык ири компания Бишкек менен Москва чакан кубаттуулуктагы автомдук электр станциясын Кыргызстанга куруу боюнча ниеттенип жатканын билдирген. Кеп реактордук РИТМ-200Н түзүмүнүн базасында куруу боюнча жүргөн. Кийинчерээк долбоордун техникалык негиздемесин түзүүгө тапшырма берилген.