Путин Борбор Азия менен кызматташуунун пайдасы тууралуу айтты

РФ президенти Борбор Азиядагы бириктирген тенденцияларга да токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин "Казакстанская правда" гезитине маек берип, Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташуунун пайдасы тууралуу айтты.
Путиндин Казакстандын гезитине курган кеңири маеги Кремлдин сайтына жарыяланды.
Анда РФ президенти Борбор Азиядагы бириктирген тенденциялар күч алып жатканына токтолгон.
"Муну ушул жылдын 14-сентябрында Душанбеде өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги жолугушуусу тастыктайт. Аны менен катар "Борбор Азия + Россия" форматы мурдагыдан дагы суроо-талапка ээ боло баштады. Биздин транспорт-логистика, энергетика жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү алакабыз эки тараптуу кызматташтыктын алкагынан эбак ашкан. Бардык кызыкдар тараптардын биригүү аракети Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусун дагы да күч алдырмак", — деген Путин.
Путин Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташуусундагы артыкчылыктуу багыттарга да токтолгон.
"Азыркы тапта алты мамлекет саясий диалогду түзүп, коопсуздук, экономика, соода, айыл чарба, тамак-аш жеткирүү, транспорт, энергетика, экология, саламаттыкты сактоо, гуманитардык байланыш, миграция, маалымат технологиясы жана коммуникация жаатында кызматташууга басым жасамакчы", — деген ал.
Евразиядагы алаканын жаңы үлгүсү. ЕАЭБдин эркин соода аймагы тууралуу пикир