Инсульт алган адамга кан суюлтуучу дары бербей туруу керек. Дарыгердин маеги

Учурда инсульттан каза болгондордун саны өсүүдө. Бул илдет буту-колдун шал болушуна, сүйлөө, көрүү, эс тутумдун начарлашына, майыптыкка, ал тургай өлүмгө кептейт. Аны алдын алуу үчүн сергек жашоо образын сактоо керек.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан Улуттук госпиталдын №2 неврологиялык бөлүмүнүн дарыгери Дилбар Курманалиевага бул жаатта бир нече собол узатты.
— Алгач инсульт дарты тууралуу маалымат берсеңиз?
— Бул күтүүсүз жерден пайда болгон оору, бирок анын себептери бар. Адамдын кан басымы жогору болсо 80-85 пайызы инсультка алып келет. Бул оору улгайган адамдарда көп кездешет, бирок азыр 40-45 жаштагылар да кабылууда. Анан да аялдарга караганда эркектер көп ооруйт. Себеби гормоналдык фактор да роль ойнойт. Мындан тышкары, ашыкча салмак да ооруну шарттайт. Анткени адам кыймылда болушу шарт. Адатта аялдардын белинин размери 80, ал эми эркектердики 88 сантиметрден ашпашы зарыл. Бирок азыр көчөдөн көп кишилер ашыкча салмактан жабыркаарын байкоого болот. Инсульт учурунда (мээдеги кан айлануунун бузулушу) мээнин белгилүү бир бөлүгүндө кандын агымы азаят же таптакыр токтойт. Инсульт мээ функциясынын начарлашынын негизги себептеринин бири. Ошондой эле кант диабети менен ооругандар, кан оорулары, рак жана жугуштуу оорулар менен жабыркагандар, кан басымы жогору, ашыкча салмактуу адамдар тобокел тобунда. Инсультту алдын алуунун эң жакшы жолу — мүмкүн болушунча сергек жашоо образын сактоо керек.
Дилбар Курманалиева: медицинада микроинсульт деген диагноз коюлбайт. Бул эл арасында гана айтылган дарт
— Инсульт десе эле жалпы кан тамыр жарылганын түшүнөбүз. Бирок ал да бөлүнөт экен...
— Илдеттин ишемиялык жана геморрагиялык деген эки түрү бар. Ишемиялык инсультта кан уюп, мээдеги артерияны же капиллярды тосуп калат. Бейтаптардын 80 пайызында ишемиялык инсульт кездешет. Геморрагиялык инсультта мээнин кан тамыры жарылып, мээге кан куюлат. Эки учурда тең мээнин жабыркаган аймагындагы клеткалар жетиштүү кычкылтек жана керектүү азыктарды албагандыктан өлүп баштайт. Бул учурда алгачкы 3-4 сааттын ичинде берилген жардам кыйынчылыктарды алдын алып, өмүрдү сактап калат. Инсульт жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларынын фонунда пайда болот. Мисалы, атеросклероз, гипертония, жүрөктүн ар кандай патологиялык абалы. Алар кандын уюшун шарттайт. Жүрөктүн туура эмес согушу да бул ооруну шарттайт. Көбүндө клапандардын жабыркашы инсультту жогорулатат.
— Микроинсультту түшүндүрүп берсеңиз?
— Медицинада микроинсульт деген диагноз коюлбайт. Бул эл арасында гана айтылган дарт. Адамдар башы катуу ооруп же дагы бир нерсе болсо эле өзүнө ушул дартты коюп коюшат. Же кийин томографиядан өткөндө "буга чейин инсульт болуптурсуз" десе, "аа, микроинсульт болупмун" деген тыянак чыгарып алат. Бул кадимки эле инсульт. Мээдеги кан айлануунун бузулуш белгилери бир сутканын ичинде пайда болуп, анан өтүп кетет. Муну "транзитордук ишемиялык чабуул" деп коёбуз. Мээнин кан айлануусу убактылуу жабыркап, кайра калыбына келет. Транзитордук ишемиялык чабуулга кабылган адамда инсультка кабылуу тобокелчилиги жогорулайт.
— Инсульттун белгилерин атасаңыз?
— Биринчи сүйлөгөнү булдуруктайт, ооз кыйшаят, оң же сол тараптын кыймылы начарлап, колун көтөрө албай же көрүү начарлайт. Мында убакыт абдан маанилүү, тезирээк Тез жардам чакырып, бейтапканага жеткирүү зарыл. Ошону менен бирге эле балка менен чапкандай башы катуу ооруп, кускусу келет. Мунун баары инсульттун белгилери. Азыр алгачкы 3-4 сааттын ичинде берип жиберүү маанилүү болгон дарылар бар. Медиктер үч сааттын ичинде ошол дарыны куюп жиберсе баш мээде туруп калган тромбдорду азайтып, кесепетин жеңилдетсе болот. Анткени ал дары үч сааттын ичинде тромбду ээритет.
— Ал эми дарыгер келгиче кандай аракеттерди жасоого болот?
— Кан басымын өлчөп, түз жерге жаткырып, башын 30 градус өйдөлөтүп коюу керек. Дем алуусун байкап, топчуларын чечип эшик-терезелерди ачасыздар. Эгер калтыраса, колу-буту титиреп жатса бир капталына жаткырып, дем алуучу жолдорун карап туруу керек. Көп учурда туура эмес аракеттерди көрүп, "кан басымы көтөрүлдү го" деп дарыларды арты-артынан берип жиберишет. Бул да туура эмес. Анткени биз инсульттун кандай түрү болуп жатканын билбейбиз. Кан суюлтуучу аспирин, тромбас аттуу дарыларды көп ичиришет. Бул дарыларды геморрагиялык инсультка да берип коюшат. Андан көрө дем алуусун карап, тынчтыкты гана камсыздап берген жакшы.
Дилбар Курманалиева: Инсульт көбүнчө жашы улгайып бара жаткан адамдарда көп кездешет. Жаштарды алсак, кандайдыр бир дары-дармек же наркотикалык заттарды колдонгон учурда пайда болушу мүмкүн
— Инсульт жаштар арасында да кездешкенин көрүп жүрөбүз. Муну кантип түшүндүрөсүз?
— Инсульт көбүнчө жашы улгайып бара жаткан адамдарда көп кездешет. Жаштарды алсак, кандайдыр бир дары-дармек же наркотикалык заттарды колдонгон учурда пайда болушу мүмкүн. Инсульт алгандардын көбү дартка күтүүсүз кабылгандыктан депрессия болушат. Бир инсульт алган адам экинчи ирет да алышы ыктымал. Ошондуктан дарыларын убактысы менен ичип, режимди сактаганы дурус.
— Алдын алуу чаралары кандай? Ошол эле ашыкча салмактагы же улгайган адамдар эмне кылышы керек?
— Ал тобокелдик факторуна жараша болот. Кан басымы жогору адамдар күнүнө кечинде ченетип, дарыларын ичип турушу зарыл. Холестерин боюнча анализ тапшырып турат. Кандын коюулануусун алдын алуу кажет. Башкысы — туура тамактануу керек. Көбүнчө жашылча-жемишти рационго көбүрөөк кошкон жакшы. Малдан алынган майларды азайтып, суюктук көп ичүү зарыл. Ар бир адам күнүнө 1,5-2 литрге жакын суюктук ичет. Эгер жүрөгү ооруса аларга чектөөлөр болот. Ал эми жайында 3-4 литрге чейин ичсе жарайт. Ошондой эле койго караганда уйдун эти сунушталат. Күнүнө эртең менен туруп машыгууга же жөө басууга мүмкүнчүлүк болбосо көнүгүү жасоо кажет.
19 жаштагы балдар инсульт болууда. Кыргызстанда майыптык кантип аныкталат?