Ошто 3 жоокер жол кырсыгына кабылып, бирөө мүрт кетти

Аскерлер бараткан жеңил унаа жүк ташуучу фура менен кагышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ош облусунда үч аскер кызматкери жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду. Бул туурасында Коргоо министрлигиндеги өздүк булактар билдирди.
Алардын айтымында, бүгүн түндө саат 00:40 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында катардагы үч жоокер кырсыкка учураган. Анын кесепетинен бирөө мүрт кеткен, экөө азыркы тапта Ош облустук ооруканасында оор абалда жатат.
Коргоо министрлигинин маалымат кызматы аталган каргаша катталганын тастыктап, аскерлер бараткан жеңил унаа жүк ташуучу фура менен кагышканын кошумчалады.
Унаасын алган жигитти өлтүрүп, кырсыкка учураткан. Чычкандагы үрөй учурган окуя