Бишкек шаарында жана четинде жашаган тургундардын 45 пайызы көмүр менен камсыздалды. Бул тууралуу Гүлчоро Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл башка жылдарга салыштырмалуу кышка эртерээк камынып баштады. "Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы тарабынан ачылган жети отун базасы иштеп жатат. Ал жерде Кара-Кече көмүрү 4 700 сомдон сатылууда. Жеке ишкерлердин көмүр кампалары да бар. Көмүр саткан жайлар былтыркыга салыштырмалуу бир ай эрте ачылды. Жыл өткөн сайын эл кышка эртерээк даярдана баштады. Учурда Бишкек шаарында жана четинде жашаган тургундардын 45 пайызы көмүр менен камсыздалды. Көмүр тартыштыгы жаралат деп кооптонуунун кереги жок. Азырынча жетиштүү деңгээлде бар деп айта алабыз. Табиятка жараша ар кандай кырдаал болуп кетиши мүмкүн экенин да эске алуу зарыл", — деди Молдалиев.
Ал көмүр Кара-Кечеден күн сайын кампаларга ташылып турарын кошумчалады.