Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевде вандалдар Пушкиндин эстелигин боек менен булгашты

Вандалдар бул эстеликти биринчи ирет булгап жатышкан жок. 2022-жылдын декабрь айында постаментке кызыл жана сары боек чачып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. – Sputnik. Киевде вандалдар орус акыны Александр Пушкиндин эстелигине кызыл боек чачып, постаментке “деколонизация токтобойт” деп жазып кетишкен. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Сүрөттөн эстеликтин бети кызыл боек менен боелгонун, “Деколонизация токтобойт. Жогол, империя” деп жазылганын көрүүгө болот.
Вандалдар бул эстеликти биринчи ирет булгап жатышкан жок. 2022-жылдын декабрь айында постаментке кызыл жана сары боек чачып кетишкен. Быйыл октябрь айында дагы кайталанган. Киев бийлиги монумент улуттук маанидеги искусствонун эстелиги катары мамлекеттик каттоодо турганына карабастан, өткөн жылдан бери анын келечегин чечүү маселесин талкуулап келишет.
Ригада куткаруучуларга коюлган эстелик толугу менен алынды. Видео