Өлкөдө электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн 8 дизелдик генератор алынды

Сатып алынган генераторлордун жалпы суммасы 10 миллион 950 миң сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана талаа шарттарына ыңгайлаштырылган сегиз дизелдик генератор берилди. Бул туурасында Энергетика министрлиги билдирди.
1 / 3

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана талаа шарттарына ыңгайлаштырылган сегиз дизелдик генератор берилди.

2 / 3

Министр Таалайбек Ибраев бүгүн кубаттуулугу 120 киловатт болгон генераторлорду тапшырган.

3 / 3

Алар Бишкек шаарына жана жети облуска бөлүштүрүлөт.

Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев бүгүн кубаттуулугу 120 киловатт болгон генераторлорду тапшырган. Алар Бишкек шаарына жана жети облуска бөлүштүрүлөт.
“Энергетиктер генераторлорду жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо жана 10/0,4 кВ электр тармактарда оңдоо иштерин жүргүзүүдө колдонушат. Ошондой эле аба чубалгылары жок болгон учурда талаада көчмө энергия булагы катары кызмат кылат. Бул техникалар бышык, узак мөөнөттүү, үзгүлтүксүз иштөөгө эффективдүү ылайыкташтырылган жана чоң жүктөргө туруштук бере алат”, — деп айтылат маалыматта.
Сатып алынган генераторлордун жалпы суммасы 10 миллион 950 миң сомду түзөт.
“Чыгымдарды оптималдаштыруу, электр менен камсыздоо процесстерин санариптештирүү жана тарифти 23 тыйынга көтөрүү менен ар бир электр тармактары ишканасын жаңы генераторлор менен камсыз кылууга мүмкүн болду”, — деп жазды министрлик.
Чүйдө алгачкы мобилдик ГЭС орнотулуп, ачылышына А. Жапаров барды. Сүрөт