Садыр Жапаровдун Японияга барары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрь күндөрү Японияга барат. Бул туурасында аталган өлкөнүн министрлер кабинетинин башкы катчысы Хирокадзу Мацуно брифингде билдиргенин Nikkei агенттиги жазды.
Анын айтымында, мамлекет башчы Япониянын премьер-министри Фумио Кисида жана императору менен жолугары пландалган.
Жапаровдун сапары Токио жана Киото шаарларында болорун белгиледи басылма.
Садыр Жапаров Ташкенттеги экономикалык кызматташтык боюнча саммитке катышат