Айгүл Жапарова кулак-мурду кескиленген Аселдин абалын сурап барды

Президенттин жубайы Айгүл айым Асел Ногойбаева берген белектин сүрөтүн жүктөп, пост жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Биринчи айым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан кулак мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын абалын сурап барды. Бул туурасында президенттин жубайы соцтармактагы баракчасына жазды.
Ал коомчулук менен бирге эле мындай окуяларды кескин айыптай турганын билдирди.
“Кыздарыбыз кайсы жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек. Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асел кайраттуу, жаркылдаган, мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен. Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!” — деп жазды биринчи айым.
Ошондой эле ал Асел Ногойбаева берген белектин сүрөтүн жүктөдү.
Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Жабырланган аялдын кескиленген органдарын калыбына келтирүүгө түркиялык пластикалык хирург акысыз жардам убадалаган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле.
27-сентябрда Чүй облустук соту райондук соттун зордуктоо боюнча чечимин өзгөртүп, келинди кордогон кишини 8 жылга соттоду.
Кулак-мурду кесилип кордолгон келин ооруканадан чыкты