Ата-энелерге кулак кагыш. ИИМ өспүрүмдөр арасындагы коркунучтуу оюн тууралуу айтты

Социалдык тармактарда "Чуркап өт же өл" деген видео тарап, өспүрүмдөр арасында оюнга айланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы ата-энелерге кайрылды. Мекеме балдардын смартфонун текшерүүнү сунуштап, сүйлөшүү зарылдыгын эскерткен.
ЖКККБнын маалыматы боюнча, социалдык тармактарда "Чуркап өт же өл" деген видео тарап, өспүрүмдөр арасында оюнга айланууда. Анда жакындап келе жаткан автомашинанын астынан чуркап чыгып, өздөрүнүн өмүрүн тобокелчиликке салышат.
Билдирмеде белгиленгендей, Кыргызстанда бүгүнкү күндө оюнга байланышкан учур болгон эмес, бирок Казакстанда бир окуя катталган.
Балам мектепте балдар менен мамиле түзө албай кыйналат. Эненин каты