Үй алчу адамды 29 миң долларга алдап кеткен деп 34 жаштагы аял кармалды

Милициядан билдиргендей, шектүү жабырлануучунун акчасын алып, бирок үйүн башка адамга сатып жиберген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук милициясы алдамчылыкка шектүү аялды кармаганын маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 1-ноябрда А. З. аттуу аял арыз менен милицияга кайрылган. Анда 29-сентябрь күнү Мурас-Ордо конушунда Т. Т. анын ишенимине кирип, "үйүмдү сага сатам" деп андан 29 миң долларын алып кеткени белгиленген. Андан кийин Т.Т. үйдү башка адамга сатып жиберип, өзү из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иштеринин алкагында 34 жаштагы Т.Т. аттуу аялдын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери уланып жатат.
"Финико" каржы пирамидасын уюштургандардын бири Түркиядан кармалды