Радио

Учурунда чыкпаган эмоциялар дартка айланышы мүмкүн. Адистин кеңеши

Психолог Шолпан Мамытова көпчүлүк адам сонун балалык өткөрдүм деп эсептээрин, бирок анализдей келгенде андай эместигин айтты.
Sputnik
Жан дүйнө жарасын убагында дарылабаса ал ден соолукту аксатып салышы мүмкүн экенин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 4 жаштагы балалык травма 40тан ашканда психологиялык жактан ооруга айланышы толук ыктымал.
"Кээ бир ата-энелер жетсин деп баласына чоң максаттарды коюп, анын аткарылышын талап кылат. Бала да ал тепкичтерди басып өткөнгө бардык энергиясын бериши ыктымал. Бул нерсе кийин чоңойгондо деле жасаган иштерине канааттанбоо сезимин пайда кылышы мүмкүн. Канчалык ийгилик жаратпасын дайыма аздай сезиле берет жана өзүнө-өзү ыраазы болбойт. Адамдардан сурасаң, көбү балачагынын сонун өткөнүн айтышат. Бирок ичине сүңгүп кирип, анализдей келгенде толтура травмалары көрүнө баштайт. Буга кардарларым өздөрү да таң калышат. Бир ирет 40тан ашып калган адам кайрылып, башы ооруй берерин, бирок дарыгерлер эч кандай диагноз коё албай жаткандыгын айтып калды. Көрсө, ал 3-4 жашында атасы каза болуп, ошол кездеги кайгыруу сезимдерин сыртка чыгара албаган экен. Ошол нерсе 40тан ашкандан кийин оору аркылуу чыгып жатат. Бул себептен ар бир эмоцияны чыгарып, аны өткөрө билүү абдан маанилүү. Жакының каза болдубу, ыйлагың келсе ыйлап, кайгыруу, өкүттөгү сезимдерди сыртка чыгарыш керек. Аны эстеп, ал тууралуу баарлашуу кажет. Биздин менталитет, тилекке каршы, мындай нерселерге жол бере бербейт. Мисалы, жакын адамың каза болуп жатса соороткондор, кайраттандыргандар “кой, ыйлаба” деп айтышы мүмкүн. Жан дүйнө жарасын сыртка чыгарбай бекиткен учурда ал баарын чиритип салышы мүмкүн", — деди психолог.
Адис жакынын жоготкон адам бир нече этаптарды басып өтүшү зарыл экенин кошумчалады.