Талкуу жараткан “Күн кармаган бала” ТҮРКСОЙ фестивалында жеңүүчү болду

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары, андан кийин депутаттар чыгармадагы эпизоддордун бирин сындашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук театры Азербайжанда өткөн ТҮРКСОЙ эларалык уюмунун фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Алар жазуучу, драматург Султан Раевдин талкуу жараткан “Күн кармаган бала” спектакли менен катышкан.
1 / 3

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук театры Азербайжанда өткөн ТҮРКСОЙ эларалык уюмунун фестивалында баш байгени жеңип алды

2 / 3

Алар жазуучу, драматург Султан Раевдин талкуу жараткан “Күн кармаган бала” спектакли менен катышкан

3 / 3

Сентябрдын аягында бул спектакль IX эл аралык "Арт-Ордо" фестивалында да биринчи орунду ээлеген

Сентябрдын аягында бул спектакль IX эл аралык "Арт-Ордо" фестивалында да биринчи орунду ээлеген. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары, андан кийин депутаттар чыгармадагы эпизоддордун бирин сындашкан. Анда эне багып алган майып баласын таштекке жылаңачтап жуунтуп жатканы көрсөтүлөт. Депутаттар бул боюнча Маданият министрлигинен түшүндүрмө сураган.
Ал эми маданият министри Алтынбек Максүтов спектаклди толук көрүп чыгып сын айтууну сунуштаган. Театр адамдары, көрүүчүлөр жана интернет колдонуучуларынын көбү режиссёр тарапта болгон. Алар спектаклде коомчулуктагы ачуу чындыктар сүрөттөлгөнүн билдирген.
Радио
Кийинки жылы мамлекеттик куурчак театрынын 85 жылдыгы белгиленет