50гө чыккан Айшвария Рай. Индиялык атактуу актрисанын сүрөттөгү ирмемдери

Дүйнөгө таанымал актриса Айшвария Рай Баччан 50 жашка чыкты. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн анын жашоосундагы урунттуу учурларды көрө аласыз.
Sputnik
Айшвария 1973-жылы 1-ноябрда Карнатака штатындагы Мангалур шаарында соода флотунун офицери менен жазуучунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Бала кезинен классикалык индия бийин жана музыканы сүйгөн. 1989-жылы университетке архитектура адистигин алуу үчүн тапшырып, кийин модель болуп кеткен. 1994-жылы “Дүйнө сулуусу” сынагын жеңип, андан ары атагы чыга баштаган. Алгач 1997-жылы “Тандем” аттуу кинодо роль жаратып, акырындан отуруп Болливудду багындырган.
Актриса 2007-жылы Абхишек Баччана аттуу актёрго турмушка чыгып, бир кыздын ата-энеси болушкан.
1 / 12

Актрисага атактуулукту “Татымалдардын ханышасы” (“Принцесса специй”) аттуу кинофильминдеги ролу алып келген

2 / 12

Айшвария Рай 1994-жылы “Дүйнө сулуусу” сынагынын таажысын кийген

3 / 12

Актрисанын момдон жасалган фигурасы Сан-Францискодогу музейге коюлган

4 / 12

Айшвария Рай Канн эл аралык кинофестивалынын кызыл килеминде

5 / 12

Актриса 50дөн ашык кинодо роль жараткан

6 / 12

Кинофильмдеги өнөктөшү, индиялык кинолордун көркүн ачкан актёр Шахрух Хан менен

7 / 12

Мумбаидеги кечени шаңга бөлөгөн Айшвария

8 / 12

“Каардуу” (“Злодей”) тасмасындагы ирмем

9 / 12

Актриса 2007-жылы актёр Абхишек Баччанга турмушка чыккан

10 / 12

Индиянын сулуулары тууралуу кеп кылганда Айшварияны эстебей коюу мүмкүн эмес

11 / 12

Эмне деген сулуулук...

12 / 12

Актриса 50 жашка келип калганына көбү ишенбесе керек

Тема боюнча:
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү