Көчөдөгү автожарышка чыккандар милициянын автоунаасын ташка алганы айтылды

Тартипсиздиги үчүн машина жарыштырууну мыйзамсыз кылгандарга иш козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Автожарышка чыккандар “Манас” аэропортуна кеткен трассаны тосуп, кайгуул милициясынын автоунааларын таш менен урган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.
5-ноябрда Сокулук райондук милициясынан Манас айылынын аймагында (“Манас” эл аралык аэропортунун жолунда) белгисиз бирөөлөр жеңил автоунааларын жарыштырганын кабарлашкан.
“Алар милициянын талабына баш ийбей, трассаны жаап, жолдогу башка айдоочуларга тоскоолдук жаратып, инспекторлорго каршылык көрсөткөн. Мындан сырткары, кызматтык автоунааларды таш менен ургулашкан”, — деп айтылган маалыматта.
Мындай тартипсиздиги үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (“Бейбаштык”) негизинде иш козголгон.
Бул окуяга катышы бар бардык адамдардын суралганын айтышты. Мындан мурдараак милиция ээнбаштык кылгандардын ичинен азырынча бирөөнү гана кармаганы, калганы качып кеткенин айткан эле.
Автоунаа менен жарышам деген жаранга 15 миң сомдук айып пул салынып, BMW автоунаасы Сокулук районундагы айып короого токтотулганын билдирген.
Автомашина менен жарышкандар инспекторлорго баш ийбей... Ызы-чуунун видеосу