БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет берген маалыматка ылайык, дүйшөмбүдө, 6-ноябрда, күндүз республика боюнча аба ырайы бузулбайт.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөнүндө +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде +18...+23, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын аймагында +9...+14 градус болору болжолдонууда.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +17...+19, ал эми Ош шаарында +21...+23 градуска чыгат.