Minuteman IIIтүн жарылышы АКШнын өзөктүк күчтөрүнүн абалын туюндурабы?

Америкалык Minuteman III континент аралык ракетасынын кезектеги кырсыгы Пентагондун кыйрашын чагылдырарын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор бул сапар аталган ракетаны сүрөттөгөн.
Sputnik
Minuteman III континент аралык баллистикалык ракетасы 1-ноябрда Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик базасынан сыноо үчүн учурулуп, көп өтпөй Тынч океандын үстүнөн жарылды. Абага көтөрүлөр алдында Пентагондогулар Minuteman III "стратегиялык коопсуздук тутумунун ынанымдуулугун тастыктоого" тийиш экенин, "орустарга жооп" болорун билдиришкен. Анткени 25-октябрда Россиянын стратегиялык күчтөрүнүн машыгуусу убагында болжолдуу душмандын өзөктүк чабуулуна жооп катарындагы топтоштурулган өзөктүк сокку уруу үчүн баллистикалык жана канаттуу ракеталар ийгиликтүү учурулган эле.
Ал эми АКШда 1-ноябрдагы сыноолор америкалык стратегиялык күчтөрдүн ынанымдуулугунан шек туудурат. Пентагондун жообу ынандырарлык эмес.
Minuteman III континент аралык ракетасы Тынч океанга биринчи ирет кулаган жок. 2022-жылдын июлунда да мындай бирдик учурулгандан бир нече мүнөт өтпөй иштен чыккан. Андан бир жыл мурун такталбаган себептерден улам сынамык учуш ракета жерден көтөрүлө электе үзгүлтүккө учураган. 2018-жылы учурулган ракета да Тынч океан үстүндө токтоп калган. Айтор, XXI Minuteman III сынамык учуштарынын дээрлик жарымы ийгиликсиз өткөн. Буга таң калуунун деле кажети жок.
Аталган ракетанын мурдагы модификациялары менен америкалыктар 1970-жылы куралданган. Андан бери канчалык заманбапташтырылса деле майнап чыкпай келет. Буга карабастан Пентагон өлкөнүн беш штатынын аймагына 13 000 чакырымга чейинки аралыкты багындыра ала турган 400 Minuteman III континент аралык ракетасын жайгаштырган. Ар бири 39 тонналык ракета 1,1 тонна салмактагы ок учу менен жабдылган. Бул АКШнын өзөктүк үчилтигинин эң негизги жана чабал бирдиги десек болот.
АКШнын Стратегиялык командачылыгынын башчысы Чарльз Ричард сенат менен Ак үй администрациясына: "Minuteman IIIтүн өмүрүн узарта албайсыңар. Ракеталар ушунчалык эскирип, аларды кургандар эбак бул дүйнөдөн узап, ал эми азыркы инженерлерде тийиштүү техникалык документациясынын кымындай бөлүгү да жок", - деп эскерткен. Ордун баса турган бирдикке алмаштырар убак эбак эле келген.
F-35тин кезектеги окуясы. Айтылуу америкалык учак дагы кулады

Баары салыштырууда айкындалат

Шахталык LGM-35 Sentinel континент аралык ракетасынын жаңы тутумун Northrop Grumman жана Lockheed Martin корпорациялары иштеп чыгууда. Долбоордун наркы – 265 млрд доллар. Ракетанын октуу учу 2039-жылдын октябрында жасалат. LGM-35 Sentinel ракетасынын ыкчам даярдыгынын ийгилиги да ушул датада күтүлөт. Америкалыктардын РФтин С-500 "Прометей" зениттик ракеталык системалары жана башка аба чабуулдарынын, ракеталык соккулардан коргонуу тутумдары багындырган чектен аша албай келе жаткан технологиялык көйгөйлөрүн эске алганда, бул узак жана бүдөмүк келечек экени айныгыс чындык. Стратегиялык өзөктүк куралды мыктылоо жагында Россия Америкадан ондогон жылга алдыда экени талашсыз. Маселен, россиялык "Сармат" жана Minuteman III континент аралык баллистикалык ракеталарынын мүнөздөмөлөрүн салыштырсак, АКШнын технологиялык артыкчылыгы туурасындагы уламыштар ашкере апыртылганын түшүнүүгө болот.
210 тонналык старттык салмактагы бир "Сармат" Жердин каалаган уюлунан 7,5 өзөктүк мегатоннаны ташып, агрессор мамлекеттин 35 млн калкын талкалап кое алат. Андайдан он бирдик бүтүндөй өлкөнү тыптыйпыл кылып салышы ыктымал. Континент аралык ракетанын ок менен жабдуу диапазону алда канча кеңейтилип, гиперүндүү "Авангард" блоктору 28 Махка (саатына 33 миң чакырымдан ашуун) чейинки ылдамдыктагы учушту пландай алат. Технологиялык арышы да өзүнчө кеп кылууга татыйт. Ошол себептен Кошмо Штаттар акыркы үлгүдөгү куралдарды иштеп чыгууда адаттагыдай эле артта экени айдан ачык.
"Сармат" оор баллистикалык ракетасы күчү жана мыктылыгы жагынан айтылуу "Воевод" континент аралык ракетасынан да ашып түшөт. Ошондуктан америкалык аталган ракета россиялык "Сарматка" таптакыр атаандаш эмес. Дегеле АКШ өзөктүк үчилтигинин бөлөк компоненттери деле алдыңкы курал катары түк саналбайт.
Вьетнам согушунун заманбапташтырылган "ардагери" болгон B-52 Stratofortress да 70 жылдан ашып калды. Америкалык армия 1985-жылы куралдана баштаган оор B-1 Lancer бомбалоочулары да өзөктүк арсеналга ээ эмес. Техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам алардын 90 пайызы согушка жараксыз.
Ар бири 20 млрд долларды чапчыган жыйырма чаккты B-2 Spirit бомбалоочу учактары да Москвага өзөктүк сокку уруу үчүн мындан кырк жыл оболу жасалган. Анткен менен алардын да мандемдери ого эле арбын. "Лансерлер", "Спириттер" жакында жарактан чыгарылат, бирок жаңы B-21 Raider стратегиялык бомбалоочусу да алардан ашып түшпөйт. Мезгил өткөн сайын америкалык өзөктүк үчилтик Франция жана Британиядагыдай жок болуп, Ohio жана Columbia субмариналарына жайгаштырыла турган Trident II D5 гана калышы мүмкүн.
Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жана чектөө (СНВ-3) келишими боюнча РФтин Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн чеги – континент аралык баллистикалык ракеталарды учуруу түзүлүштөрүнөн 700 бирдик жана 1 550 ок блогу. Алардын 60 пайызын дайым даярдыкта турган стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнүн шахталык жана мобилдик комплекстери түзөт. РФтин жогорку технологиялык Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн заманга адымдаштык деңгээли 83 пайыздан ашат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин жаңы табылгасы: сууда сүзгөн гаубица