Адамзатка каршы кылмыш! Эрдоган Газадагы конфликт тууралуу

Буга чейин Түркия согуш жүрүп жаткан жерге гумжардам салынган 10 учак жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Палестина-Израиль конфликти — бул адамзатка каршы жасалган кылмыш. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.
Ал Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышканын Sputnik Казакстан жазды.
Түрк лидери Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Газа секторундагы согуштук аракеттер тез арада токтошу керек деген позициясын колдоого алды.
"Палестинада дүйнө элинин көз алдында адамзаттын трагедиясы болуп жатат. Мектептер, ооруканалар, мечиттер, качкындардын лагерлери адамгерчиликсиз түрдө бомбаланууда. Мындай аракеттерге барууга эч кандай негиз жок. Биз азыр Газада көрүп жаткан нерсе адамзатка каршы жасалган кылмыш", — деди Эрдоган.
Ал Түркия бул кризисте гуманитардык негиздерди колдой турганын белгиледи.
"Биз башынан баштап эле жай тургундарга каршы аскердик аракеттерди колдобой турганыбызды айтып келе жатабыз. Биз үчүн ок атууну эртерээк токтотуу маанилүү. Биз ошондой эле мусулманбы, христианбы, же еврейби, адам курмандыктарын токтотуу үчүн кандайдыр бир кепилдик менен камсыздоону каалайбыз", — деди Түркиянын башчысы.
Буга чейин Түркия согуш жүрүп жаткан жерге гумжардам салынган 10 учак жөнөткөн.
БУУнун Балдар фонду Израилдин Газа лагерин бомбалоосун кыргын деп атады