УКМК: Бишкекте милиционерлер пакистандыктардан сойкулук боюнча пара алган

Атайын кызматтан мыйзамсыз ишке Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери аралашканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кечээ Пакистан жарандарынын арасында сойкулук кызматтарын уюштурган ортомчудан опузалап пара алып жаткан жеринен Бишкектеги милиционерлер жана ага акча берип жаткан чет элдик кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Бул мыйзамсыз ишке Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери аралашканын атайын кызматтан айтышты.
"Алар (милиционерлер – ред.) Пакистандын жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барып, сойкулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп аталган өлкөнүн жаранын коркутуп, 3 500 доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды", — деп жазылган маалыматта.
УКМК мындай аракеттер үчүн административдик жоопкерчилик каралганына карабастан пара сурашканын эске салды.
"2-ноябрда ИИМдин ички иликтөө кызматынын катышуусунда акча берип жаткан жеринен "ортомчу", Пакистандын жараны Х.М.И., андан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Алардын иштеген жеринде керектүү тергөө амалдары жүргүзүлдү", — деп айтылган маалыматта.
Чогултулган материалдардын негизинде ИИББдин кызматкери Ж.А.Р, Свердлов райондук милициясынын кызматкери Ж.К.М. жана Пакистандын жараны Х.М.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда козголгон иштин алкагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Чет элдик жарандан акча опузалаган деп беш милиционер кармалды