А. Жапаров кийинки жылга карата өнүгүүнүн 5 негизги максатын атады

Жапаров өкмөт соңку үч жылда жеткен ийгиликтер гүлдөп өнүккөн мамлекетти түзүү үчүн бекем база түзүп бергенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө бийлиги алдыдагы жылга карата улуттук өнүгүүнүн беш максатын белгиледи.
Ал "Жакырчылык жана теңсиздик" улуттук өнүгүү форумуна катышты.
2024-жылга карата өнүгүү максаттары:
мамлекеттин финансылык башкаруу жана административдик реформа жаатындагы институционалдык потенциалын күчөтүү;
инновациялык өнүгүү жана социалдык бакубаттуулуктун пайдубалы катары билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
туруктуу экономикалык өсүштү камсыздап, жумушчу орундарын түзүүгө жардам берген стратегияны иштеп чыгып, кийирүү. Муну менен катар региондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт;
ресурстарды мобилизациялоо, жаңы технологиялар менен билимди өздөштүрүү жана дүйнөлүк финансы рыногуна чыгуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү. Экспортту көбөйтүүгө жана чет элдик инвестицияны тартууга өзгөчө көңүл бурулат;
экологиялык туруктуулукту өнүктүрүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу.
Жапаров өкмөт соңку үч жылда жеткен ийгиликтер гүлдөп өнүккөн мамлекетти түзүү үчүн жаңы амбициялуу максаттарды коюуга бекем база түзүп бергенин кошумчалады.
Садыр Жапаров өзүнүн түпкү максаты эмне экендигин айтты