ЕАЭБде өндүрүүчүлөр айыл чарба продукциясына койгон баа төмөндөдү

Продукция эң көп Арменияда арзандаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. ЕАЭБде өндүрүүчүлөр айыл чарба продукциясына койгон баа төмөндөдү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаменти билдирди.
Маалыматта быйылкы жылдын сентябрь айындагы баалар 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 0,7 пайызга төмөндөгөнү айтылат. Ошондой эле өсүмдүк товарларынын баасы 6 пайызга арзандаган. Деген менен мал чарба продукциясы 3,1 пайызга кымбаттап кеткен.
Айыл чарба продукцияларына болгон баа өлкөлөр боюнча төмөнкүдөй болду:
Арменияда — 31,2 пайызга;
Беларуста — 8,4 пайызга;
Казакстанда — 5,6 пайызга;
Кыргызстанда — 1,7 пайызга.
Бирок Россияда баалар 1,5 пайызга көтөрүлгөн.
Евразиядагы алаканын жаңы үлгүсү. ЕАЭБдин эркин соода аймагы тууралуу пикир