Захарова КМШдагы улуттук ЖМКлардын интеграциясынын маанисин белгиледи

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бүгүнкү заманда журналистика кесип катары сакталып калды. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова II Медиафорумда билдирди.
Ал алдыңкы журналисттер, коомдук ишмерлер жана КМШ өлкөлөрүнүн бийлигинин аракети менен улуттук жалпыга маалымдоо каражаттары "кооздолгон жана символикалуу журналистикадан анык, накта түрүнө айланганын" белгиледи.
"Эгерде улуттук, анын ичинде өз ара бириккен жалпыга маалымдоо каражаттары болбосо, биз маалыматтык кулга айланып калмакпыз. Өздүгүбүздү, эгемендүүлүк үчүн курган бардык нерселерибизди жоготмокпуз", — деди Захарова.
Анын айтымына караганда, башка мамлекеттердин көйгөйү менден кыйгап өтөт деп ойлобой, КМШдагы эки жана көп тараптуу байланыштарды бекемдөө менен алектенүү зарыл.
"Кыйгап өтпөйт. Ар бир мамлекет өтө олуттуу көйгөйлөрдү башынан кечирген, биз да, анын ичинде ЖМКлар да биргелешип ал нерседен өткөнбүз", — деген РФ ТИМинин расмий өкүлү.
Медиафорум КМШдагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын азыркысы жана келечегине анализ жүргүзүүгө арналган.
Киселев: РФ баарын КМШ өлкөлөрү үчүн жасай албайт, жоопкерчиликти өзүңөр да алгыла