Сауд Арабиянын дарыгерлери Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасайт

Хирургдар операция жасап жатат. Архивдик сүрөт
Алар өздөрү менен кошо 500 миң доллар турган стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды алып келишмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Сауд Арабиянын дарыгерлери 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Сауд араб падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Радинин жолугушуусу учурунда маалым болгонун министрликтен кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жүрөгү ооругандардын 100гө жакынына акысыз операция жасашат.
"Алар өздөрү менен кошо 500 миң долларга стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келишмекчи", — деп жазылат кабарда.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев элчиге саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чараны өткөрүүдө Саламаттык сактоо министрлиги келген дарыгерлер тобуна бардык зарыл болгон колдоону көрсөтөрүн белгилеген.
Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун Электрофизиологиялык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, хирург-аритмолог Курбанбек Калысов
Радио
Кыргызстандык аритмолог Орто Азияда жасала элек операция жасады