Кендирбаева: Кыргызстанда орус тилин сапаттуу үйрөнүүгө болгон муктаждык чоң

Кендирбаева орус тили Кыргызстанда Конституция менен корголгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда орус тилин сапаттуу үйрөнүүгө болгон муктаждык чоң экени байкалууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектеп жетекчилеринин форумунда билдирди.
"Бизде орус тилин сапаттуу үйрөнүүнү каалагандар бар. Суроо-талап жогору. Биз үчүн сапаттуу билим берүү кызматтарын орус тилинде көрсөтүү жаатында жакшы тажрыйба алуу маанилүү", — деди Кендирбаева.
Ал Кыргызстанда орус тили Конституция менен корголуп, расмий статусу бар экенин белгиледи. Министрдин айтымында, форумга орус тилдүү 264 мектептин өкүлдөрү катышып жатат. Өлкөдө 500 "аралаш" жалпыга билим берүү мекемеси бар. Мындан тышкары, жеке мектептер дагы иштөөдө. Алардын көбү орус тилинде билим берет. Кендирбаева жеке мектептердин өкүлдөрүн ушундай форумдарга чакырууну сунуштап, алар дагы методикалык коштоого муктаж экенин белгиледи.
"Форум билим берүү тармагындагы жетишкендиктер менен бөлүшкөн эффективдүү аянтчага айланышы керек", — деди министр.
Билим берүү министри РФ элчисине: бизге орус тилдүү мугалимдер жетишпейт