Израилдин АКШга койгон капканы. Прокси-аскерлер акыры жеңилет

Америка Кошмо Штаттарынын араб дүйнөсү менен болгон тиреши узакка созула турган болуп калды.
Sputnik
Глобалдуу геосаясий көз караштан алып караганда Израиль армиясы — Американын Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыгын коргоо үчүн мыктап уюштурулган прокси-түзүм. Региондогу Египет, Сирия, Сауд Арабиясы, Ливан, Ирак, Йемен жана башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы түк эске алынган эмес. Мындан улам аймак Израиль мамлекет катары жарыялангандан кийинки ондогон жылдардан бери олку-солкулуктан, араб-израиль кагылышууларынан жабыр тартып келет.
Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху 31-октябрда "Ислам каршылык кыймылына" (ХАМАС) каршы согуштун үчүнчү этабы башталып, Газа секторуна жерден жасалган чабуулдун өр алганын жар салды. Блокадалоочу этап соңуна чыкты деп эсептелет. Ал эми экинчиси — абадан сокку уруу уланууда.
Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторундагы аскердик операциясын кеңейтип жатат, кургактагы аскерлер Газа шаарын айлана эки багытта баратат, танкалар Салах ад-Дин шоссеси боюнча транспорттук байланышты бууп салды. ЦАХАЛ Газанын башкы шаарын курчап, ХАМАСтын аскер бөлүктөрү менен кошо тоннелдердин түйүнүн жок кылууга умтулуп жатат.
Өткөн суткада Израиль авиациясы Ливан, Сирияга кошо чабуул жасады. Тель-Авивдин оккупациясында калган Батыш Жээк да Израилдин Аскер-аба күчтөрүнүн соккусуна дуушар болду. Экинчи жагынан ХАМАС Газанын түндүк-батышында Израиль армиясы менен согушуп жатат. Израилге ракеталык сокку уруу да уланууда. Ливандын аскерлештирилген Хезболла саясий партиясы Израилдин Нагария шаарына 16 ракета менен сокку урганын билдирген.
Газа секторунда үч жума ичинде 8000ден ашуун киши каза тапты, анын дээрлик жарымы балдар. Израилде көз жумгандардын саны 1400дөн ашты. 200дөй израилдик ХАМАСтын туткунунда. Региондогу гуманитардык апаатты өлчөп болбойт. Газада блокадада калган эки миллион тургун сууга, азык-түлүк жана дары-дармекке аябай муктаж болуп турат.
Вашингтон дагы бир ирет өз капканына түшүп, "региондогу чыңалууну алдын алып", ошол эле учурда Израиль армиясынын аскердик дараметин украин талаасында колдонулуп бүткөн Пентагондун арсеналы менен күчөтүүгө аракет кылууда.
Тынчтык жакында орнобой калды шекилдүү. Палестина менен Израилдин ортосундагы улам бир жаңы тирешти БУУнун 1947-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган Палестина территориясын араб жана еврей мамлекетине бөлүү тууралуу эски резолюциясынын аткарылбай калышы шарттап келет.
АКШ Кытай менен Россиянын айласын таппай турат. Дүйнөлүк абалга сереп

Кадырга доо кеткенде

Палестинанын каршылык көрсөткөн күчтөрүн айлап-жылдап иликтөө, аларга каршы жасалган жашыруун жана жогорку технологиялуу операциялардын аркасында Израилдин күч ведомстволору кубаттуу жана жеңилгис деген даңазага татыган. Премьер Нетаньяху мекендештерин да, Вашингтонду да палестиналыктар экинчи пландагы маселе деп ишендирип, Палестина мамлекетин түзүү боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн дегеле зарылдыгы жок дегенге көндүрүп койгон.
Реалдуулукка кайтуунун куну кымбат түштү. 7-октябрда Израиль Газа тараптан болуп көрбөгөндөй ракеталык соккуга кабылган. Андан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймагына кирип барып, бир нече сааттын ичинде аскерий объектилерди басып алып, 1000дей израилдикти жок кылып, жүздөгөн кишини туткундоого жетишкен. Израиль коопсуздугунун жогорку технологиялык системасы ишенимди актабай, америкалыктардын артыкчылыгы тууралуу уламышты жокко чыгарды.
Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча Израилдин чалгын жана ички коопсуздук кызматтарынын жетекчилери ушул жерден жеңилгенин моюндашкан. Согуш токтогондон кийин алардын отставкага кетери шексиз.
Израилдин Коргоо армиясы "Темир кылыч" операциясын кеч баштады, ал эми министр Йоав Галант "өлкө жеңерин, андан башка жолу жок" экенин айтып, "же биз, же ХАМАС" деди. Премьер Нетаньяху "Газа ичиндеги согуш узак" болорун эскертти. Вашингтон ошондо гана Израилге башка территорияларды оккупациялоого жол берген стратегиялык саясаты кыйрап түшкөнүн түшүнө баштады.
АКШ президенти Жо Байден "бул кризис аягына чыккандан кийин мындан ары эмне болорун түшүнүү зарыл" экенин белгилөөдө. Анткен менен Вашингтон азыр Израилге 14,3 миллиард долларлык курал-жарак менен ок-дары берүүдөн башка эмне кыларын билбей турат. Регионго 1949-жылкы тынчтыкты Израилге курал жеткирип, ХАМАСты жана анын Сирия менен Түштүк Ливиядагы союздаштарына сокку уруу менен кайтаруу дээрлик мүмкүн болбой калды.
Азыр биз АКШнын кийлигишүүсү менен кыйла узара турган, мыкаачылыгы жагынан ашып түшкөн араб-израиль жаңжалына күбө болуп жатабыз. Израиль 300 миңден ашуун резервистти мобилизациялап, үч жуманын ичинде миңдеген авиасокку жасады. Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади Израилди Газада согуш баштады деп ачык эле айыптап чыкты.
Пентагон ХАМАС менен согушуу үчүн болгон ресурсунун баарын салып жатат, бирок 155 миллиметрлүү артиллериялык снаряддар менен Patriot зениттик-ракеталык комплекстер жетишсиз. Израилге жардам берүүгө жасалган басым АКШнын аскердик-технологиялык жактан алсызданышын көрсөтүүдө. Пентагондун маалыматы боюнча, 17-30-октябрь күндөрү америкалык аскер базалары Иракта 14 жолу, Сирияда тогуз ирет чабуулга дуушар болгон.
АКШ өкмөтү америкалык базаларга сокку урган ХАМАС баштаган топтордун артындагы негизги күч Иран деп эсептейт. Дал ушул Иран суу, аба, кургактагы мейкиндикти ээлеп, "ишенимдүү тараптарды" курал-жарак жана дрон менен камсыздап кооптуулук жаратып жаткандай кабыл алат. Сирияга, Иракка аскердик жактан кийлигишип жаткан Вашингтонго коркунуч Ирандан тарап жаткан имиш.
Израиль армиясын кошуп алып азыр Пентагон Тегеран менен кагылышуусу мүмкүн, анын артынан башка араб мамлекеттери тартылат. Тарых кээде ушинтип да кайталанат экен.
Израиль мамлекети Палестинанын аймагында 1948-жылы 14-майда түптөлгөнүн эскерте кетейин. Эртеси жети араб өлкөсү — Египет, Сирия, Ливан, Трансиордания, Сауд Арабиясы, Ирак жана Йемен Биринчи араб-израиль согушун башташкан. Палестина мамлекети ушу кезге чейин түзүлгөн жок. Палестин-израиль жаңжалы АКШнын аскердик-саясий кийлигишүүсү менен тирешүүнүн жана кандуу кагылышуунун себеби болуп келет.
Өткөн кылымдын ортосундагы кыйналып келе жаткан еврей эли үчүн Ыйык жерде "коопсуздук жана бейкуттук аралын" түзүү идеясы согушка, араб калкынын кырылышына, бөлөк аймактарды басып алууга айланды. АКШнын кызыкчылыгы үчүн АКШнын акчасы менен. Антсе да дүйнө өзгөрүүдө, өзүн-өзү жарыялап алган "гегемонго" каршылык акыры көрсөтүлөт. Вашингтондун бардык аймактагы прокси-аскерлери акыры жеңилүүгө дуушар болот.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Дүйнөлүк полиция акылдан азды, ага да Путин айыптуу. Ой толгоо