"Чек арасыз дарыгерлер" Газадагы качкындарга Израилдин сокку урганына үн катты

Израилдин Коргонуу министрлигинин өкүлү Ричард Хехт ХАМАСтын командирин жок кылууга аракет кылып жатканда Жебалия бомбалангандыгын айткан. Ал эми жай жарандардын өлүмүн "согуштун трагедиясына" шылтаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. "Чек арасыз дарыгерлер" бейөкмөт уюму Израиль армиясынын Газадагы качкындардын Жебалия лагерине сокку урганын баш-аягы жок зомбулук деп атады. Учурда медиктердин Аль-Шифа ооруканасында жарадар болгон балдарга жардам көрсөтүп жатканын РИА Новости кабарлады.
"Жебалия лагеринен түшүп жаткан маалыматтарга чачыбыз тик туруп жатат, Израилдин авиасоккусунан көп адам өлдү. Бомбалоодон кийин Аль-Шифа ооруканасына арбын бала жеткирилип, биздин бригада токтоосуз жардам көрсөттү. Акылга сыйбаган бул зомбулуктун акыркы эпизодун айыптайбыз жана тилкеде жаңы өлүмдөрдү болтурбаш үчүн согуш отун токтотуу чакырыгын кайрадан кайталайбыз. Болду дегенден кийин болду да!" — деп айтылган уюмдун социалдык тармактагы билдирүүсүндө.
Уюмдан бөбөктөр оор жаракат алып, катуу күйүп келгенин, көптөрүнүн жанында жакыны жоктугун, балдардын басымдуу бөлүгү ата-энелерин чакырып, ыйлаганын айтып беришкен.
Буга чейин Газанын ИИМи Израиль армиясынын Жебалия качкындар лагерин авиабомбалоосунан 400дөн кем эмес адам көз жуумп, жаракат алганын маалымдаган. Министрлик жабыркагандардын арбыны жаш балдар, аялдар экендигин кошумчалаган. Израилдин Коргонуу министрлигинин өкүлү Ричард Хехт ХАМАСтын командирин жок кылууга аракет кылып жатканда Жебалияны бомбалагандыгын айтып, ал эми жай тургундардын көз жумушун "согуштун трагедиясы" деп атаган.
Эске салсак, палестиналык ХАМАС кыймылынын аскердик канаты жарыялаган "Аль-Акса топон суу" операциясынын алкагында 7-октябрда Газа тилкеси Израилдин болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуулуна тушукту.
Путин: Газада көз жумган бөбөктөрдү көргөндө муштум түйүлөт