БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Баткен облусунда арзан көмүр саткан алты кампа ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Кампаларда көмүрдүн тоннасы беш миң сомдон сатылууда.
"Арзан баадагы көмүр биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет", — деп айтылат маалыматта.
Кампалардын даректери:
Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы, ЦРМдин аймагы;
Раззаков шаары, Тазалык ишканасынын аймагы;
Баткен шаары, Самат Сыдыков көчөсү, Баткен ТВнын арт жагы;
Кадамжай району, МАИ кызматынын айып короосунун алды;
Ак-Татыр айыл өкмөтү, Рават айылы, Колтук көчөсү, 25;
Кызыл-Кыя шаары, Жусубалиев, 137.
Лейлек жана Баткен району, Баткен шаарындагы көмүр кампаларында Сүлүктү кенинин көмүрү, ал эми Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарында Бел-Алма кенинин көмүрү сатылат.