Россиядагы кыргызстандыктар өлкөгө келгенин электрондук форматта кабарлай алат

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Россияда чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго карата жаңы миграциялык каттоо тартиби күчүнө кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи билдирди.
Ага ылайык, 26-октябрдан тарта чет элдик жарандарга Россияга келгени (өзү жана балдары) тууралуу миграциялык органга электрондук түрдө кабарлоо укугу берилди. Бул үчүн мамлекеттик кызматтар системасын (https://www.gosuslugi.ru/) колдонуу шарт.
Турак жайды ижарага алуу келишими түзүлсө, чет өлкөлүк жарандар менчик ээсинин кошумча макулдугусуз эле өлкөгө келгени тууралуу (өзү барып же электрондук түрдө) маалымдай алат.
Кыргызстандын элчилиги порталдагы мүчүлүштүктөргө байланыштуу маалымат жөнөтүүдө техникалык кыйынчылыктар жаралганын айтып, даттануулар түшүп жатканын билдирди. Дипөкүлчүлүк бул убактылуу экенин белгиледи.
ТИМ мындай жаңычылдык кыргыз тараптын сунушун эске алуу менен киргизилгенин кошумчалады.
Россиянын "кара тизмесинен" кантип чыгуу керек? Министрликтин түшүндүрмөсү