БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Депрессия өңдүү психологиялык көйгөйлөрдүн жаралуусунун дагы бир себеби – булганыч аба менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзбекстандын санитардык-эпидемиологиялык жактан коргоо жана калктын саламаттыгы кызматынын маалымат катчысы Мафтуна Саидова айтып берген.
Дүйнөлүк статистиканы карай турган болсок, инсульт, өпкө рагы жана жүрөк ооруларынан каза болгондордун үчтөн биринин өлүмү абанын булганышы менен байланыштуу. Таза эмес аба адамдын ден соолугуна гана эмес, айлана-чөйрөгө да зыян алып келет.
"Абага көмүртек кычкылы, азот кычкылы, формальдегид, коргошун бирикмелери сыяктуу көптөгөн зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Ал эми автомобилден чыккан газда 200 түрдүү зат бар, анын көбү уулуу", — деген Саидова.
Ал дүйнөдө абанын булганышынын 90 пайызына автоунаалардан чыккан газ себеп болорун белгилеген. Автомашиналардан бөлүнгөн газ аралаш аба менен дем алып, көп убакыт жашаган адамдарда дем алуу органдарынын бузулушу, жүрөк оорулары, өпкө рагы өңдүү бир топ көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.
"Мындан тышкары, когнитивдик акылдын бузулушу, депрессиянын пайда болушу да айрым учурда абанын булганышына байланыштуу болушу мүмкүн. Бул көйгөйдөн улам дүйнө жүзүндө жылына беш жашка чейинки 543 миң бала каза болот. Ошондой эле беш жаштан 18 жашка чейинки балдардын 14 пайызы астма оорусунан жабыркайт", — деген эксперт.