Ишкер Токтобүбү Оргалча кармалып, үй камагына алынды

Тергөөчү сотко ишкерди камакка алуу өтүнүчүн келтирген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ишкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка айыпталууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси, тагыраагы, уюшкан топ менен өзгөчө ири суммада алдамчылыкка барган деген шек менен 23-октябрда кармалган.
Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүсү Оргалчаны баш коргоо чарасын карап, камакка алууну тандап берүү өтүнүчү менен Свердлов райондук сотуна кайрылган. Натыйжада судья аны бир айга үй камагына алуу чечимин чыгарган.
Токтобүбү Оргалча "Мега Компани", "Томас КG", "Шыдыр Жол КG" компанияларынын жетекчиси. Соңку парламенттик шайлоого "Альянс" партиясы менен катышкан. Жанар Акаевдин ордуна мандат алып калуу ыктымалдыгы жаралып, кайра ишке ашкан эмес.
Экс-депутат Самат Ибраевдин миллиондук карыз менен кармалган уулу абактан чыкты