Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Жунушалиев 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган.
Ал учурдагы президент менен министрлер кабинетинин Чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, кайрадан мэр болуп келди.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров иштен кетти