Небензя: АКШ менен Израиль Газанын тургундарын тукум курут кылуу ниетинде

Дипломаттын айтымында, АКШнын позициясынан улам БУУнун Коопсуздук кеңеши тушалып, ушу кезге чейин ок атууну токтотуу талабы камтылган резолюцияны кабыл ала албай жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. АКШ менен Израиль Газанын тургундарын тукум курут кылып, калган палестиналыктарды Израилге кошуп алууну каалайт. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, азыркыдай кырдаалга АКШнын позициясынан улам Коопсуздук кеңешинин тушалып, ушу кезге чейин ок атууну токтотуу талабы камтылган резолюцияны кабыл ала албай жатышы кептеди.
"Демилгени эки ирет көтөрдүк, бирок Вашингтон менен Батыш Иерусалимдин көздөгөнү башка, Газанын тургундарын тукум курут кылып же сектордун аймагынан кысып чыгарып, палестиналыктардын калганын Израилге кошуп алып көйгөйдү чечмекчи", — деди Небензя.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болду дегенден бери курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 8000ден ашты, 18 миң жай тургун жаракат алганы айтылууда. Ал эми Израилде 1,4 миңдей киши көз жумду, жаракат алгандар беш миңден ашканы кабарланды.
Газада үч жумада көз жумган балдардын саны төрт жылдан берки согуштагыдан ашты