БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев нацист Ярослав Хунканы даңазалаган канадалык кесиптештерин сынга алды.
Эл өкүлү Кыргыз улуттук университетинде өткөн "Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту" көргөзмөсүнүн ачылышына катышкан. Анын айтымында, мындай иш-чара, көргөзмөлөр актуалдуу жана өлкө үчүн абдан маанилүү.
"Айрым мамлекеттердин өз тарыхын кайрадан жазып, аталарыбызды өлтүргөндөрдү баатыр кылууга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз", — деген депутат.
Ал фронтко 360 миң кыргызстандык кетип, анын ичинен 90 миңи кайра кайтып келбей калганын эске салган. Мындан тышкары, миңдеген кыргызстандык оорукта эмгектенгенин белгиледи.
"Канада депутаттары ордуларынан туруп биздин аталарыбызды өлтүргөн фашистке кол чапканын кантип кабыл алабыз? Кабыл алуу мүмкүн эмес!" — деген ал.
Маматалиев Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу кийинки муундар да билип жүрүшү үчүн ата-бабалардын эрдиги тууралуу жаштарга көбүрөөк маалымат берүү керектигин айткан.
Эске салсак, Зеленскийдин Канадага болгон сапарынын алкагында парламенттин отурумуна чакырылгандардын арасында 98 жаштагы Ярослав Хунка болгон. Общиналар палатасынын спикери аны "Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Украинанын көз карандысыздыгы үчүн орустарга каршы согушкан" адам катары көрсөтүп, анын айткандары залдын кол чабуусу менен коштолгон. Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын ыктыярдуу мүчөсү болуп чыккан.
Эл аралык резонанс жараткан окуядан кийин Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота аталган адамдын өмүр баяны менен жакшы тааныш болбогондугун айтып, катасын мойнуна алып, Хункага көрсөтүлгөн урмат-сый үчүн кечирим сураган. Андан кийин кызматынан кеткен.