Сапар Исаковго кымбат унаа берген. Көлбаевдин тобунан делген балбан кармалды

Мурат Рамонов грек-рим күрөшү боюнча Азиядан бир нече ирет байге алган, Рио Олимпиадасынын катышуучусу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 2020-жылы экс-премьер-министр Сапар Исаковго кымбат баалуу сооттолгон автоунаа берген деп белгилүү балбан Мурат Рамонов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
2020-жылы экс-премьер-министр Сапар Исаковго кымбат баалуу сооттолгон автоунаа берген деп белгилүү балбан Мурат Рамонов кармалды
Ага ылайык, Рамонов "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлкүн өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.
"2020-жылдын октябрь айында Рамонов 2015-жылы чыгарылган сооттолгон Mercedes Benz S600 автоунаасын экс-премьер-министр Сапар Исаковго абактан чыккандан кийин өткөрүп берген. Андан соң 2020-жылдын 5-октябрында Сапар Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны "Ала-Тоо" аянтында массалык башаламандык уюштуруу аракетинде колдонгон", — деп айтылат маалыматта.
Мурат Рамонов грек-рим күрөшү боюнча Азиядан бир нече ирет байге алган, Рио Олимпиадасынын катышуучусу.
Көлбаевдин тобун каржылап, ишин колдоп турган. Салимовго тагылган айыптар