Казиного барган кыргызстандыктарды түрмөгө отургузуу сунушталды

Депутат эгерде мыйзам катууласа жарандар кумарканаларга барбай калат деген ишенимде.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Казиного барган кыргызстандыктарды эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.
Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында тийиштүү мыйзам долбоору парламентке келип түшөрүн жарыялады.
"Казино, тотализатор жана букмекерлер бир жерде иштегенди сунуштап жатышат. Эгерде анын кеңсесине Кыргызстандын жараны кирип кумар оюнун ойногон болсо, кымбат лицензиясынан ажырайт. Эксперттик чөйрөдө аталган жайга кирген кыргызстандыктарга айып салып тим болбостон, эркинен ажыратуу сунушталууда”, — деди Маматалиев.
Кыргызстанда эки кумаркана расмий түрдө лицензия алганы маалым. Аталган жайлар иштей баштагандан бери 84 миллион сом киреше түшкөн. Бул сумманын ичинде букмекерлерден түшкөн каражат дагы бар. Тактап айтканда, казинолордон 80 миллион сом, букмекерлерден 3,5 миллион сом салык алынган.
Оюн автоматтарын, тотализаторлорду бир жерге жайгаштыруу сунушталууда