БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20...+25, Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +12...+17 жана Нарында +13...+18 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градусту көрсөтөт.