Онколог рактын билинбеген баштапкы үч белгисин атады

Адатта ракка кабылган кишинин алы жок болуп, көп шалдырайт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Онколог, хирург Иван Карасев Telegram-каналында рактын билинбеген баштапкы белгилерин тизмектегенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, залалдуу шишик өрчүй баштаганда белгилери сасык тумоонукуна окшош болушу ыктымал. Адатта рак менен ооруган кишинин алы жок болуп, көп шалдырайт.
"Дене табы узак убакытка чейин түшпөй, көтөрүлсө да бул илдеттен кабар бериши ыктымал. Дагы бир белги — тамак оору. Эгер бул белгилерде сасык тумоого каршы дары-дармек жардам бербесе медиктерге көрүнүү сунушталат", — деген онколог.
Дарыгер жара айыкпай, тез-тезден баш ооруп, ажатканага барганда башкача суюктук бөлүнүп чыкса да дарыгерге көрүнүү керектигин эскерткен. Карасев ракка кабылуу тобокелчилигин азайтуу үчүн чылым чегүүдөн, спирт ичимдигин көп колдонуудан баш тартууну сунуштаган. Ошондой эле спорт менен алектенип, тамакты таптап ичүү ашыкча болбойт.
Радио
Балдар арасында рак оорусунун көбөйүшүнүн себеби эмнеде?