Шахтадагы кырсык. 29-октябрь — Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды

Соңку маалыматтар боюнча, 22 жумушчунун сөөгү табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Касым-Жомарт Токаев 29-октябрды Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыялаганын Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматта айтылгандай, өлкө башчысы шахтадагы жарылуудан каза болгондордун жакындары менен жолугушуп, аларга көңүл айткан.
Казак президенти кырсыктын жагдайлары аныкталарын жана жумушчуларды куткаруу боюнча иштер аткарылып, жабыркагандар менен каза болгондордун жакындарына зарыл болгон жардам берилерин билдирген.
Соңку маалыматтар боюнча, Караганда облусундагы Костенко шахтасындагы жарылуудан каза болгон 22 адамдын сөөгү табылды. Дагы 24 адамды издөө иштери жүрүүдө. Кырсык түнкү саат 2:33тө 700 метрдей тереңдикте болгон. Ал учурда шахтада 252 жумушчу иштеп жаткан, анын ичинен 206сы сыртка чыгууга үлгүрүшкөн.
Цистерна оодарылып, өрт унааларга жармашкан. Чүйдөгү ири кырсыктын себеби