БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясы палестиналык-израилдик жаңжал болуп жаткан аймакта ок атууну тезинен токтотууга чакырган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
120 өлкө, анын ичинде Кыргызстан "макул" деген добушун берген. Ал эми АКШ, Израиль каршы болгон. Мындан тышкары, Австрия, Чехия, Хорватия, Венгрия болуп жалпы 12 өлкө резолюцияга макул болгон эмес.
Израилдин БУУдагы туруктуу өкүлү Гилад Эрдан Башкы ассамблеянын чечими тууралуу пикирин билдирип, БУУда бир грамм да легитимдүүлүк же актуалдуулук калган жок деп белгилеген.
"Бул уюм мыкаачылыкты алдын алуу максатында түзүлгөн. Азыр биз көргөн спектакль БУУ мыкаачылыкты алдын алууга эмес, анын мындан ары уланышын камсыздай турганын далилдейт", — деген Эрдан.