Цистерна оодарылып, өрт унааларга жармашкан. Чүйдөгү ири кырсыктын себеби

Алгачкы маалыматтарда май ташыган унаа жеңил машиналар менен кагышканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Чүйдүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кечээ Бишкек – Ош жолунда цистернанын катышуусунда катталган кырсыктын себебин айтып берди.
Алгачкы маалыматтарда күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып, үчөө тең күйүп кеткени айтылган. ӨКМдин кызматкерлери өрттү толугу менен саат 15:40та өчүрүшкөн.
Чүй ЖКККБ цистерна оодарылып, күйүп кеткенин билдирди. Унаада кетип бараткандар түшүп жардам берейин дегенде жарылуу болуп, өрт машиналарга жармашкан.
Жаракат алган төрт киши Тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген.
Аламүдүн-1: батирдеги өрттөн кичинекей үч баланы аман алып чыгышты