БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. 2023-жылдын 26-октябрынан тарта Россия паспортун алуу боюнча жаңы эреже кирди.
© Sputnik
Эми РФ паспортун алууну каалагандардын орус тилин эле эмес, Россиянын тарыхы менен негизги мыйзамдарын да билүүсү керек болот.
Жарандыкты жөнөкөйлөтүлгөн тартип менен төмөнкүлөр ала алат:
Россиялык ЖОЖду артыкчылык менен аяктагандар;
РСФСРде туулуп же туруктуу жашагандар;
Россия империясынын же СССРдин аймагында, РФтин мамлекеттик чек арасында туруктуу жашаган, жакын туугандары барлар;
балалуу, түгөйү россиялык болгондор;
россиялык суу же аба кемесинде жарыкка келген бөбөк, анын ата-энеси РФтин атуулу эмес экенине карабай россиялык паспорт ала алат.
РФ жарандыгы инвестиция жана ишкерлик үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте эми берилбейт.