Бишкектеги ири подстанцияга россиялык жабдуу орнотулууда. Сүрөт

Жаңы жабдуу автотрансформаторлорду, реакторлорду зымдардын тийишип кетүүсүнөн, күч келүүдөн жана башка күтүүсүз кырдаалдардан коргойт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын борборунда "Главная" подстанциясындагы электр жабдуулары жаңылана турганын "Бишкектин электр түйүндөрү" ишканасы билдирди.
1 / 3

Аталган подстанцияда эки автотрансформатор алмаштырылган

2 / 3

Жалпы кубаты 250 мегавольт-амперди түзүп келсе, азыр 400гө чейин жогорулатылды

3 / 3

"Бишкек" подстанциясында реле жана автоматиканын жабдуулары жаңыртылып жатат

Аталган подстанцияда эки автотрансформатор алмаштырылган. Жалпы кубаты 250 мегавольт-амперди түзүп келсе, азыр 400гө чейин жогорулатылды. "Бишкек" подстанциясында реле жана автоматиканын жабдуулары жаңыртылып жатат.
"Жаңы жабдуу автотрансформаторлорду, реакторлорду зымдардын тийишип кетүүсүнөн, күч келүүдөн жана башка күтүүсүз кырдаалдардан коргойт. Россиянын Чебоксары шаарында жасалган. Модернизациялоо аракеттери электр жабдууларынын ишин кыйла жакшыртып, ишенимдүүлүгүн арттырат", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, "Главная" подстанциясы Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан. 1968-жылы ишке кирип, Бишкектин энерготүйүнүнүн түндүк бөлүгүндө жашаган калкты электр кубаты менен камсыздап келет.
Кеминде күн электр станциясын курууга 124 гектар жер бөлүндү