Режиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын даражалуу сыйлыгы тапшырылды

Бул сыйлык дүйнөдө саналуу гана инсандарга берилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. КР эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылганын Маданият министрлигинен кабарлады.
1 / 3

КР эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды

2 / 3

Билдирмеге караганда, сыйлыкты режиссёрго Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырган

3 / 3

Актан Арым Кубаттын "Беш кемпир", "Маймыл", "Свет аке", "Кентавр", "Эсимде" тасмалары Франция менен биргеликте тартылган

Билдирмеге караганда, сыйлыкты режиссёрго Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырып, Актан Арым Кубаттын чыгармачылыгы менен таанышы бар экенин, анын тасмалары Франциянын кино театрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын белгилеген.
"Бул даражалуу сыйлык 1957-жылы Францияда негизделген. Ал Францияда жана дүйнөдө искусство, адабиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкондорго ыйгарылат. Буга чейин аталган сыйлык дүйнөдө саналуу гана инсандарга берилген", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Актан Арым Кубаттын "Беш кемпир", "Маймыл", "Свет аке", "Кентавр", "Эсимде" тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кинорежиссёр Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон.
Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын лауреаттары аныкталды