ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

ШКУга санкцияларга бир фронт менен каршы туруу сунушталды

Өкмөт башчы жер семирткичке байланыштуу киргизилген мыйзамсыз чектөөлөр анын дүйнөлүк рыноктогу таңсыктыгына кептеп, азык-түлүктүн кымбатташына жана түшүмдүүлүктүн азайышына алып келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ШКУ мүчөлөрүнүн үнүн, пикирин жамааттык Батыш да, эл аралык уюмдар да көз жаздымда калтыра албайт. Бул тууралуу Беларусь премьер-министри Роман Головченко Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өкмөт башчылар кеңешинин кеңири форматтагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо бардык өлкөнүн улуттук коопсуздугунун өзөгү болуп саналат. Жер семирткичке байланыштуу киргизилген мыйзамсыз чектөөлөр анын дүйнөлүк рыноктогу таңсыктыгына кептеп, азык-түлүктүн кымбатташына жана түшүмдүүлүктүн азайышына алып келди. Головченко мисал катары калий жер семирткичин ири көлөмдө пайдаланган Кытай менен Индияны келтирди. Бул факторлордун баары глобалдуу азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып, анча өнүкпөгөн мамлекеттерди ачкачылыкка туш кылары белгиленди.
"Айрым амбициялуу саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин жабыр тартуусуна жол бербешибиз керек", — деди Головченко.
Ал бир фронт менен чыгып, ШКУ азык-түлүк коопсуздугуна таасир этчү маанилүү тармактарга санкция киргизүүгө жол бербөө боюнча биргелешкен билдирүү таратышы керек экенин айтты.
"Ушу тапта калкы дүйнө жүзүнүн жарымын, дүйнөлүк ИДПнын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн мамлекеттердин өкүлдөрү чогулуп отурабыз. Биздин үнүбүздү жамааттык Батыш да, алар көзөмөлдөгөн эл аралык уюмдар да көз жаздымда калтыра албайт", — деди Головченко.
Жыйын соңу менен 14 документке кол коюлду.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Мишустин: ШКУ өлкөлөрү биргеликте глобалдык чакырыктарга туруштук бере алат