БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды. Делегация башчылары учурашып андан соң сүрөткө түшүштү.
Программада президент Садыр Жапаров менен да жолугушуу болору көрсөтүлгөн.
Кеңешменин жыйыны эки саатка созулары күтүлүүдө. Андан соң документтерге кол коюлуп, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришмекчи.
Мындан тышкары, бүгүн Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтмөкчү.
Саммиттин жүрүшүн жана андагы көтөрүлгөн негизги маселелер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналынан окуп турсаңыздар болот.