БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Жыйын бүгүн, 26-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.
Документтердин тизмеси:
1.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;2.
Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчёту тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) чечими;3.
2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун финансылык отчёту тууралуу ӨБК чечими;4.
Шанхай кызматташтык уюмунун 2024-жылга бюджети жөнүндө ӨБК чечими;5.
Шанхай кызматташтык уюмунун финансылык эрежелери жөнүндө ӨБК чечими;6.
Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобо тууралуу ӨБК чечими;7.
ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу ӨБК чечими;8.
ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө ӨБК чечими (Ташкент ш., 2019-жылдын 2-ноябры);9.
Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын штаттык расписаниеси боюнча ӨБК чечими;10.
Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;11.
ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун концепциясы боюнча ӨБК чечими;12.
2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;13.
ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси (кол коюусуз кабыл алынган);14.
2024-жылы ШКУда "Экология жылын" өткөрүү боюнча иш-чаралар планы.Белгилей кетсек, ШКУга тогуз мамлекет мүчө, дагы үч өлкө байкоочу макамына ээ болсо, 14 мамлекет диалог боюнча өнөктөш болуп саналат.
Иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан премьер-министрлери катышууда. Ал эми Түркмөнстандан вице-премьер, Индия менен Пакистандан тышкы иштер министрлери келген.