Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити

ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммиттери. Кыргызстанда өткөн жыйындар сүрөттө

Sputnik
Кыргызстандын ордо калаасы Бишкекте 26-октябрь күнү үч эл аралык ири иш-чара болду. ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлери чогулуп, кызматташуу, коопсуздук, энергетика, суу ресурстары сыяктуу орчундуу маселелерди талкуулап, келечекке пландарын ортого салышты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги саммиттен сүрөт түрмөк жасады.
1 / 13

Алгач Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери чогулду. “Ала-Арча” резиденциясынан меймандарды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сүрөттө Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүрөткө түшүү аземинде

2 / 13

ШКУ премьерлеринин кеңири форматтагы жыйынына катышкан өкмөт башчылар.

Уюмга 9 мамлекет мүчө, үч өлкө байкоочу болсо, дагы 14ү диалог боюнча өнөктөш болуп саналат

3 / 13

ШКУ премьерлеринин жыйынын сүрөткө тарткан фотографтар. Баса, саммитти чагылдыруу үчүн чет өлкөлөрдөн 400дөй журналист келген

4 / 13

ШКУ өкмөт башчылары менен президент Садыр Жапаров да жолукту. Өлкө башчы дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ШКУ өлкөлөрү коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл экенин белгиледи

5 / 13

Андан кийин ЕАЭБ премьерлери КМШ өкмөт башчыларынын жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына чогулушту

6 / 13

Кеңешмеде өкмөт башчылар учурдун талуу маселелерин талкуулашты

7 / 13

Саммитке келе жаткан катышуучулар. Солдон тарта: КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев, РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана ЕЭК комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович

8 / 13

Акылбек Жапаров КМШ премьерлеринин жыйынында сөз сүйлөөдө. Министрлер кабинетинин төрагасы логистика, соода хабдары, суу ресурстары боюнча маселе көтөрдү

9 / 13

КМШ премьерлеринин саммитинин жыйынтыгы менен 22 документке кол коюлду

10 / 13

ШКУ өкмөт башчыларынын кеңири форматтагы жыйыны. Мишустин документтерге кол коюуда

11 / 13

Сүрөткө түшүү аземи. КМШ премьерлери кийинки жылы Түркмөнстанда чогулат. Ал эми ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кийинки жолугушуусу Казакстанда өтмөй болду

12 / 13

Ушундай жоопкерчиликтүү иш-чараларды өткөргөнгө жараша күн да жылуу болуп берди

13 / 13

Түшкү тамактанууга чыгып бараткан меймандар

Тема боюнча:
Бишкекте ШКУ өкмөт башчыларынын жыйыны кандай өттү?
КМШ менен ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынтыктоочу саммитинин видеосу