ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Мишустин ШКУнун алкагында бирдиктүү төлөм механизмин түзүүнү сунуштады

Мишустин өлкөлөр өз валютасын көбүрөөк колдоно баштаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин ШКУнун алкагында аймактык көз карандысыз төлөм жана эсеп-кысап механизмин түзүү жөнүндө ойлонуп көрүүнү сунуштады.
Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөдү.
Мишустиндин айтымында, өз ара пайдалуу экономикалык кооперация үчүн укуктук жана административдик тоскоолдуктарды жокко чыгарууну улантып, заманбап төлөм системасын түзүү керек.
"Биз эсеп-кысап жүргүзүүдө өзүбүздүн валютаны көп колдоно баштадык. Аймактык көз карандысыз төлөм жүргүзүү механизмин түзүү жөнүндө ойлонуп көрүү керек. Ошондой эле биздин улуттук валюталардын биржалардагы конверсиясын камсыздоо зарыл", — деди Мишустин.
Эскерте кетсек, ШКУга тогуз мамлекет кирет. Андан сырткары үч өлкө байкоочу статусуна ээ. Ал эми 14ү диалог боюнча өнөктөш.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Садыр Жапаров: ШКУнун кеңейиши дүйнөлүк аренада уюмдун салмагын жогорулатат