Россиялык аскерлер "Мальва" техникасын көрсөттү. Видео

32 тонна салмактагы машина шосседе да, жол салына элек жерлерде да саатына 80 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Россиялык Куралдуу күчтөр "Мальва" өзү жүрүүчү артиллериялык жаңы түзүлүштү көрсөтүштү.
Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы маалымдап, видеосун таратты.
Россиянын тарыхындагы биринчи дөңгөлөктүү "Мальва" гаубицасы дүйнөлүк жогорку стандарттарга төп келет, сериялык өндүрүштү баштоого зарыл болгон бардык сыноолордон өткөн. Бул техника россиялык аскердик бөлүктөргө берилип, РФтин өзү жүрүүчү чынжырлуу артиллериясына күч кошууда.
Гаубица бир эле убакта ар кайсы траекторияга дүрмөттөрүн коё берип, мүнөтүнө жети ирет ок ата алат. Борттук жабдуунун комплекси экипажга дүрмөттөрдү берүүнү жеңилдетет (натолук CAESAR өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүш мүнөтүнө алты ирет ок атат). 32 тонна салмактагы машина шосседе да, жол салына элек жерлерде да саатына 80 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат. Кошумча май куйбастан 1000 чакырымга чейин жетет.
"Мальванын" заманбап автоматташтырылган тутуму навигациялык таамай каражаттар менен жабдылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык аскер-өнөр жай комплексинин жаңы табылгасы: сууда сүзгөн гаубица